Редакцияот 07.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Ак-Турпак айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

2025-жылы 7-апрели № 19

 Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга

социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 88-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык, Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, кеңири талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.

2. Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы,            Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

 А.Имаров