Редакцияот 07.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Ак-Турпак айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

2025-жылы 7-апрели № 23

 Миң-Чынар айылынын 3 (үч) км ички жолдоруна асфальт төшөө долбоорун ишке ашырууда жергиликтүү бюджеттен өздүк салым кошуу жөнүндө

 

Миң-Чынар айылынын 3 (үч) км ички жолдоруна Кадамжай райондук өнүктүрүү фонду жана элдин салымы менен асфальт төшөө жумуштары жүргүзүлүп жаткандыктан, айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жергиликтүү бюджеттен 7 000 000 (жети миллион) сом акча каражатын өздүк салым катары каржылап берүү боюнча айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1. Миң-Чынар айылынын 3 (үч) км ички жолдоруна асфальт төшөө үчүн Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорду ишке ашырууда Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 7 000 000 (жети миллион) сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага:

 А.Имаров