Редакцияот 07.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Ак-Турпак айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

2025-жылы 7-апрели № 24

“Ак-Турпак”  муниципалдык ишканасына шалы көчөт отургузуучу трактор сатып алуу жөнүндө

 

Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн алдындагы "Ак-Турпак" муниципалдык ишканасына шалы көчөт отургузуучу “Янмар” үлгүсүндөгү 1 (бир) даана трактор сатып алуу долбоору боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин билдирүүсүн угуп  жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1. "Ак-Турпак" муниципалдык ишканасына шалы көчөт отургузуучу “Янмар” үлгүсүндөгү 1 (бир) даана трактор сатып алуу долбоорун ишке ашырууда Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 275 000 (эки жүз жетимиш беш миң) сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

Төрага:

 А.Имаров