ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Торт-Гул айылдык кеңешинин VIII (чакырылышынын) кезексиз VII- сессиясы
2025-жылы 4-июну № 30
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “КЫРГЫЗГЕОЛОГИЯ” мамлекеттик ишканасы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагынан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер участогун убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө.
“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына “Алтын-Жылга” кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер участогун берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 60,61 беренелеринин, Жер Казынасы жөнүндө мыйзамынын 40 бересенинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө” токтомунун 2 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин 1-мартындагы 2023-жылы №1 Лицензиялык макулдашуусу жана №7436 АР лицензиясынын негизинде Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагынан геологиялык чалгындоо жүргүзүү жөнүндөгү. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн карап жана талкуулап, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына “Алтын-Жылга” алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштенрин жүргүзүүгө укук берген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин 1-декабрындагы 2023-жылы №1 Лицензиялык макулдашуусу жана №7436 АР Лицензиясына ылайык 20,13га жер аянты убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
- Убактылуу пайдаланууга берилген жер участогуна түзүлгөн укук аныктоочу документтин (келишим) мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр ” мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынан суралсын.
- “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына берилген жер аянтында Кыргыз Республикасынын экологиялык, жер, суу мыйзамдарынын талаптарын аткаруу менен геологиялык чалгындоо иштери аяктагандан кийин, бузулган жерлерди калыбына келтирүү жагы милдеттендирилисин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин торагасы: |
А.Суранчиев |