Редакцияот 04.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Торт-Гул айылдык кеңешинин VIII (чакырылышынын) кезексиз VII- сессиясы

2025-жылы 4-июну № 35

 «Мурас» авто база  муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү жөнүндө.

 

Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Мурас» авто базасынын 2025-жылга карата жылдык сметасын, иш-планын, кызмат акы жана инвестициялык планын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1.  Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Мурас» муниципалдык ишканасы тарабынан 2025-жылы жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн төмөндөгүдөй тарифтер бекитилсин:
  • Грейдер (XMG маркасындагы автоунаа): Жер тегиздөө, жол сүрүү кызматтары — 1 саатына 5 000 сом;
  • Погрузчик (LOVOL үлгүсүндөгү автоунаа): Топурак жүктөө, жер казуу жана башка тиешелүү кызматтар — 1 саатына 3 500 сом;
  • Оор жүк ташуучу автоунаа (XOWO) Топурак ташуу жана башка оор жүктөрдү ташуу кызматтары — базар баасынан 1000 (бир миң Оор жүк ташуучу автоунаа (HOWO үлгүсү):  
  • Айыл ичинде топурак ташуу жана башка оор жүктөрдү ташуу кызматтары — 1 чакырымына 280 (эки жүз сексен) сомдон жүргүзүлсүн.) сомго төмөн тариф менен көрсөтүлсүн.

 

  1. «Мурас» ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты, коопсуздугу жана мыйзамдуулугу камсыздалсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер   боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге милдеттендирилсин.   

 

 

 

Айылдык

Кеңешинин торагасы:

 

А.Суранчиев