Редакцияот 16.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

2025-жылдын -16-июну № 31

 А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба фондунун №173 контурунда жайгашкан 4,0 га жер аянтыны “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү  жөнүндөгү 2025-жылдын 9-апрелиндеги №29 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

 

А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн  угуп жана “Бай Элим Компании” ЖЧКсынын 2025-жылдын 3-апрелиндеги №97 кепилдик катын талкуулап, А.Масалиев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагында элди жумуш менен камсыз кылуу жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү үчүн завод курууга айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба фондунун №173 контурунда жайгашкан 4,0 га жер аянтыны “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
  2. Кожо айылындагы чоң каналдын түндүк тарабындагы мамлекеттик фонддун  22.0 га кайрак жерине суу түтүктөрүн орнотуп, сугат жерге айлантып берүү жагы “Бай Элим Компании” ЖЧКсына милдеттендирилсин.
  3. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы А.Масалиев айыл өкмөт башчысы А.Бакировго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы А.Масалиев айылдык  кеңешинин айыл чарба  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Галботоев