Редакцияот 16.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

2025-жылдын -16-июну № 32

А.Масалиев айыл өкмөт аймагына караштуу Кожо айылындагы Ош-Раззаков авто жолунун түштүк тарабына кичи жеңил типтеги соода борборун куруу үчүн 375,0 чарчы метр жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө

 

А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, А.Масалиев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1.  А.Масалиев айыл өкмөт аймагына караштуу Кожо айылындагы Ош-Раззаков авто жолунун түштүк тарабына кичи жеңил типтеги соода борборун куруу үчүн 375,0 чарчы метр жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
  2. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы А.Масалиев айыл өкмөт башчысы А.Бакировго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы А.Масалиев айылдык  кеңешинин айыл чарба  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Т. Галботоев