Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 1
«Кара-Суу 11-90» муниципалдык ишканасын түзүүгө тең уюштуруучу болууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Тоо айыл аймагынын айыл өкмөтү «Кара-Суу 11-90» муниципалдык ишканасын түзүүгө тең уюштуруучу болуп катышууга макулдук берилсин.
2.«Кара-Суу 11-90» муниципалдык ишканасын баштапкы уставдык капиталын түзүүгө жергиликтүү бюджеттеги 2025-жылдын башына калган бош акча каражаттарынын эсебинен 300(үч жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Берикбаевке милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |