Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 2
ОсОО “Кашкар-Транс” ишканасынын 2024-жылдын 16-декабрындагы №10 чыгыш сандуу каты жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кенешинин алдындагы өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, соода, базар, энергетика комиссиясынын 2024-жылдын 20-декабрындагы отурумунун негизинде айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Айыл аймагындагы №326 “Кара-Суу-опытное поле”, №366 “Кара-Суу Мөнөк” каттамдарындагы жүргүнчүлөрдү тейлеген микроавтобустардын тарифтерин көтөрүп берүү боюнча сунуштарын канааттандырган атайын туруктуу комиссиянын протоколу бекитилсин.
2.Жогорудагы каттамдардагы жол кире акылары төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:
1.Кашкар-Кыштак ичинде -15 сом
2.Кашкар-Кыштак -Мөнөк-15 сом
3.Кашкар-Кыштак-Жылкелди-20 сом
4.Кашкар-Кыштак-Тельман- 25 сом
5.Кашкар-Кыштак-Кара-Суу-30 сом
6.Окуучулар шаар ичинде- 10сом
7.Мөнөк-Жылкелди - 25 сом
8.Интернаттын окуучулары-5 сом
9.Кашкар-Кыштак окуучуларына -5 сом
10.Мөнөк –Кара-Суу - 30 сом
11.Кызыл-мээнет-Кара-Суу- 30 сом
12.Опыт-Кара-Суу - 30 сом
13.Кара-Суу-Газпром - 30 сом
3.Жүргүнчүлөрдү жана мектеп окуучуларын маданияттуу тейлөө менен көрсөтүлгөн тарифтен сырткары ашыкча жол акы алган айдоочуларга каттуу чара көрүлүп,каттамдан чыгарылары эскертилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |