Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 3
Ала-Тоо айыл аймагынын Жылкелди айылынын тургуну жеке ишкер Ош областтык форель балыгын өндүрүүчүлөр ассоцациясынын башчысы Бектиров Кочкор Абылкасымовичтин арызы жөнүндө
Айылдык кенештин катчысы С.Т.Топчубаева айылдык кеңештин депутаттарына арыз менен тааныштырып, 2025-жылдын 08-январындагы туруктуу комиссиянын протоколу, Ош областтык форель балыгын өндүрүүчүлөр ассоцациясынын форель балыгынын малёгун өндүрүү үчүн областтык деңгээлде цех курууга жана ал үчүн жер астынан суу скважинасын чыгарып Жылкелди айылындагы Зулпуев Мамат,Асанбаев Төлөн, Сарпбаев Дадан, Бектуров Абылкасым атындагы көчөлөрдүн жашоочуларын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында 1 (бир) га жер аянтын ажыратып берүү боюнча жазган арызына макулдук берүү боюнча сунушун айылдык кеңештин депутаттары сессияда карап чыгып,сессия
Токтом кылат:
1.Ош областтык форель балыгын өндүрүүчүлөр ассоцациясынын форель балыгынын малёгун өндүрүү үчүн областтык деңгээлде цех курууга Ала-Тоо айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айылындагы 220 контурунда жайгашкан 1(бир) га жер аянтын өнөр жай, транспорт коргонуу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан, Кара-Суу райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматы Кара-Суу филиалынан тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо,архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба ,суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |