Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 4
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 14-январындагы
№18 чыгыш каты жөнүндө
Айылдык кенештин катчысы С.Т.Топчубаева айылдык кеңештин депутаттарына айыл өкмөтүнүн сунуш катында жазылган Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн Кашкар-Кыштак айылынын Т.Юнусов көчөсүндө жайгашкан “Төркүл-дөбө”көрүстөнүнүн ичинде жайгашкан эл тарабынан эгилген эски куураган теректерди жана бака теректерди кестирип, чоң чынар теректерди калтырып ,кесилген теректердин ордуна эл тарабынан жаңыдан арча жана ак кайың эгүүгө макулдук сураган билдирүү катын депутаттар карап сессияда
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн Кашкар-Кыштак айылынын Т.Юнусов көчөсүндө жайгашкан “Төркүл-дөбө” көрүстөнүнүн ичинде эскиден эл тарабынан эгилген куураган терек, бака теректерди кестирип ордуна эл тарабынан арча, ак кайың, теректерди эгүүгө макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Ош регионалдык башкармалыгына тиешелүү мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |