Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 5
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Нурилло уулу Рахматиллонун үлүш жеринин четиндеги эгилген теректерди кесүү үчүн уруксат сураган каты жөнүндө
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Сабиржанов Максат Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Нурилло уулу Рахматиллонун Кашкар-Кыштак айылынан кесип өтүүчү Ош-Кара-Суу авто жолунун боюндагы күн чыгыш тарабында жайгашкан үлүш жерине эгилген теректерин эгин эгүүдө түшүмдүүлүккө зыяны тийип жаткандыктан аларды кесүү боюнча жазган сунуш катын депутаттарга тааныштырып,терек кесүүгө макулдук берүүнү сунуштады.Депутаттар сессияда карап чыгып,кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айылын кесип өткөн Ош-Кара-Суу авто жолунун боюндагы айылдын тургуну Нурилло уулу Рахматиллого караштуу болгон үлүш жеринин четине эгилген теректерди кесүүгө макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгына мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо,архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба ,суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |