Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 6
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн “Ала-Тоо” тазалык ишканасынын жетекчиси Газиев Хасанбайдын арызы жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кенештин катчысы С.Т.Топчубаева айылдык кеңештин депутаттарына Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн “Ала-Тоо” тазалык ишканасынын жетекчиси Газиев Хасанбайдын айыл аймагындагы жеке менчик дүкөндөрдөн чыккан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн ар бир кабына 50(элүү) сомдон тариф бекитип берүү сунушун бекитип берүүнү сунуштады. Бул сунушту айылдык кеңештин депутаттары карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагындагы жеке менчик дүкөндөрдөн чыгарылган таштандыларды ташып чыгаруу үчүн ар бир кабына 50(элүү) сомдон тарифин бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Таштандыларды ташып чыгарууда мыйзам чегинде өз убагында иш алып баруу жагы тазалык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, соода, базар, энергетика комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |