Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 7
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 14-январындагы №15 айыл өкмөтүнүн аймагында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” жобону бекитүү боюнча чыгыш каты жөнүндө
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Кармышак уулу Таланттын айылдык кеңештин депутаттарына “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №296 Жарлыгын,Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 15-ноябрындагы №52-280 сандуу буйругун жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 29-ноябрындагы №04/3233 сандуу буйругун аткаруу максатында айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 9-декабрындагы №184 сандуу буйругу чыгып,аткарууга алынгандыгын буйруктун 2-пунктундагы көрүстөндөрдү жайгаштырууга, жасалгалоого жана көрктөндүрүүгө, пайдаланууга жана күтүүгө экологиялык,санитардык талаптарды, мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдөрүн, аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды жөнгө салуу боюнча иштелип чыккан жобону бекитип берүү сунушун депутаттар карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” иштелип чыккан жобосу аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2.Атайын иштелип чыккан жобонун алкагында,аймактагы жайгашкан айылдарда айыл башчылар,имам хатибдер,коомдук уюмдар менен аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп тыгыз иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши регламент, депутаттык этика, коомдук уюмдар дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында “Маркумду узатуу жана
сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө”
ЖОБОСУ
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №296 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 15-ноябрындагы №52-280 сандуу буйругун жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 29-ноябрындагы №04/3233 сандуу буйругуна ылайык Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн элдерге түшүндүрүү иштерин алып баруу менен аталган Жарлыкты турмушка ашыруу жөнүндөгү Жобосу
“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу ар бир адам каза болгондон кийин керээзи боюнча каадаларды жана салттарды, диний жана табынуу урп адаттарын сактоо менен жайга коюлууга укуктуу. Сөөктү жайга коюу жалпыга таанылган адеп-ахлактын, этиканын принциптерине каршы келбеген дин тутуу каадаларын салттарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
- сөөк коюлуучу жай - этикалык, экологиялык, санитардык жана шаар куруу талаптарына ылайык бөлүнгөн, сөөктү көмүү үчүн көрүстөн курулмасы, ошондой эле каза болгон адамдарды көмүүнү жүзөгө ашыруу үчүн багытталган башка имараттары менен курулмалары (коштошуу, дуба кылуу жана аза күтүү залдары) бар жер участогу;
- сөөк - каза болгон адамдын денеси;
- кепин - маркум үчүн кийим же жапкыч;
Сөөктү жайга коюу- Ушул Мыйзам сөөктү жайга коюуну маркумдун же аны узатууну жүзөгө ашыруучу жактын керээзине ылайык анын дин тутуусун, Кыргыз Республикасынын экологиялык, санитардык, шаар куруу жана башка ченемдерине каршы келбеген үрпадаттарын жана каада-салттарын эске алуу менен анын денесин (сөөгүн) жерге (мүрзөгө же казанакка) көмүү.
Сөөк коюлуучу жайлар (көрүстөндөр)
- Көрүстөндөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түздөн-түз карамагында болот.Кыргыз Республикасынын жараны каза болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жашаган жеринен маалымкат бар болсо, көмүү үчүн жайды каза болгон адамга акысыз берүүгө милдеттүү.
- Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген тизмеги 1. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайына, жакын туугандарына же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жакка сөөктү жайга коюу боюнча төмөнкүдөй тизмектеги кызматтар көрсөтүлөт:
- сөөктү жайга коюу үчүн зарыл болгон капкактуу табытты, кепинди, табытты берүү жана жеткирүү; Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамы cbd.minjust.gov.kg
- “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык мусулман жана башка дин тутумундагы адамдардын кабырларынын аймагында таштан, граниттен, мрамордон, металлдан жана ушул материалдарды айкалаштыруу менен жасалган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салынат
-Мүрзөдөгү эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдарынан даярдалат жана бийиктиги 0,70 метрден ашпоосу керек.
Сөөктү жайга коюуга расымдык жөлөкпул дайындоого жана каржылоого укук
Арыз ээси Кыргыз Республикасында жашап жана иштеген төмөнкү категориялардагы жарандардын тастыктоочу документтерин (адамдын өлгөнүн белгилөө жөнүндө медициналык маалымкат) бергенде, 3 жумушчу күндүн ичинде расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алууга укуктуу:
1) кызматкердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
2) жеке ишкердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
3) дыйкан жана фермер чарбасынын мүчөсүнүн же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
4) расмий катталган жумушсуздун же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
5) пенсионердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
6) социалдык жөлөкпул алуучу адамдын же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн;
7) жумушсуз адамдын же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн.
Пенсионер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланат. Кызматкер, жеке ишкер, дыйкан жана фермер чарбасынын мүчөсү, расмий катталган жумушсуз адам, социалдык жөлөкпул алуучу, жумушсуз адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Сөөк коюлуучу жайларды карап-күтүү жана көрктөндүрүү
- Көрүстөндөрдү талаптагыдай абалда карап-күтүү жана аларды көрктөндүрүү боюнча милдет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Көрүстөндөрдү көрктөндүрүү ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун, диний уюмдардын, коомдук фонддордун күчү менен жана кайрымдуулук курмандыктарынын эсебинен дагы жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
- Сөөк коюлуучу жайлар тосулушу, кайтарылышы, суу, керектүү имараттар жана инвентарлар, ошондой эле ага кирүүчү жол менен камсыз болушу керек.
- Сөөктү коюу жайларында мал жаюуга, бак-дарактарды, мөмөлүү дарактарды, маданий айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамы cbd.minjust.gov.kg 4. Жооптуу адамдар көрүстөндөрдү карап-күтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчилик тартышат. Сөөк коюлуучу жайларды кордоо же жок кылуу (вандализм) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
- Көрүстөн үчүн жер участогунун өлчөмү конкреттүү калктуу конуштун тургундарынын санын эсепке алуу менен аныкталат, бирок 40 гектардан ашык боло албайт. Мында ошол региондогу калктын санынын келечектүү өсүшү, каза болуулардын коэффициенти, маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтардын болушу, ырым-жырымдарына, дин тутуусуна, бир адамды көмүүгө жер участогунун ченемине жараша сөөктү көмүү ыкмасы эске алынат. Каза болгон (курман болгон) бир адамдын сөөгүн жайга коюу үчүн көрүстөндүн аймагында бекер берилүүчү жер участогунун аянты сөөктү табытка салып көмүү үчүн беш чарчы метр, сөөктү мусулман тибиндеги казанактуу мүрзөгө көмүү үчүн он чарчы метр өлчөмүндө белгиленет. Мүрзөлөрдүн участокторунун ортосундагы аралык 0,5 метрден кем эмес, ал эми кыска тараптары 0,5 метрден кем эмес болууга тийиш. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамы cbd.minjust.gov.kg Көрүстөндүн аймагы мүрзөлөрдүн катарына бөлүнүшү жана автомобиль транспорту үчүн кирүү жолдору жана мүрзөгө жөө киши бара турган аяк жолдору бар участоктордон турушу керек.
Маркумду узатуу ишин уюштуруу
1.Маркумдун сөөгүн жайга коюуну ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашыруу кепилдиктери Кыргыз Республикасында маркумду узатуу ишин иштин өз алдынча түрү катары уюштуруу жолу менен ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамы cbd.minjust.gov.kg
2. Дин башкармалыгы, айыл башчылар, көчө комитеттери:
- Үч айлык мөөнөттө “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иш жүзүндө жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- дин тутуу каадаларына жана салттарына жараша жана мүрзөгө эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин эл арасында дайыма жүргүзүлсүн.