Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 8
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн Кашкар-Кыштак айылындагы “Алтын балалыгым” балдар бакчасындагы эски тал-теректерди кыркууга уруксат берүү жөнүндө
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси М.Сабиржановдун Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан “Алтын балалыгым” балдар бакчасындагы эскиден тигилген бак-дарактар куурап балдарга коркунуч жаратып жаткандыктан аларды кыркып ордуна жаш көчөттөрдү эгүү боюнча сунуш каты менен депутаттарга тааныштырып аларды кесүүгө макулдук берүүнү сунуштады.Депутаттар карап чыгып айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан “Алтын балалыгым” балдар бакчасындагы эскилиги жетип куураган бир түп чынар,бир түп тал,эки түп арчаны кесүүгө жана ордуна жаш көчөттөрдү эгүүгө макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгына мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба, суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |