Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 9
Ала-Тоо айыл аймагындагы Мөнөк айылынын №82 Абилаз Эшматов атындагы окуу-тарбия комплекси мекемесинин жетекчиси Токобаева Гүлүйпанын сунуш каты жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кенештин катчысы С.Т.Топчубаева айылдык кеңештин депутаттарына Мөнөк айылынын №82 Абилаз Эшматов атындагы окуу-тарбия комплекси мекемесинин жетекчиси Токобаева Гүлүйпанын сунуш каты менен тааныштырып мекеменин алдындагы түзүлгөн балдар бакчасына 3(үч) тайпа ачуу жөнүндөгү сунушу менен тааныштырып депутаттардан макулдук берүүнү сунуш кылды.Айылдык кеңештин депутаттары карап чыгып,айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Ала-Тоо айыл аймагындагы Мөнөк айылынын №82 Абилаз Эшматов атындагы окуу-тарбия комплекси мекемесинин алдында түзүлгөн балдар бакчасына 3(үч) тайпа ачууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун бир нускасы Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгына жиберилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |