Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 10
Ала-Тоо айыл аймагынын Мөнөк айылында жайгашкан маданият үйүнүн айланасындагы бака теректерди кестирүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Мөнөк айылынын маданият үйүнүн четиндеги 16 (он алты) түп бака теректи кестирүү боюнча маданият үйүнүн жетекчиси Р.Аккозуеванын билдирүүсүн депутаттар карап чыгып,айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн Мөнөк айылында жайгашкан маданият үйүнүн четиндеги 16(он алты) түп бака теректер чоңоюп шактап электр чубалгыларына жана интернет кабелдерине тоскоол жаратып жаткандыктан аларды кестирип ордуна жаш көчөттөрдү эгүүгө макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгына мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба, суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |