Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 11
Ала-Тоо айыл аймагынын Жылкелди айылынын А.Зулпуев көчөсүнүн №1 үйүнүн жашоочусу Бурканбаев Муратбек Куванычбековичтин арызы жөнүндө
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Т.Топчубаева Жылкелди айылынын М.Бурканбаев жашаган үйдүн алдында жолдун боюнда айыл өкмөтү тарабынан эгилген арчалардын 2(эки) түбү тоскоолдук жаратып жаткандыктан аны жылдырууга уруксат сураган арызы менен тааныштырып ага макулдук берүүнү сунуштады.Депутаттар арызды карап чыгып ,сессия
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Жылкелди айылынын тургуну М.Бурканбаевдин арызы канааттандырылсын жана 2(эки) түп арчаны жылдырууга макулдук берилсин.
2.Мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап, тиешелүү жерлерге берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба, суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |