Редакцияот 14.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги VII-сессиясынын отуруму

 

2025-жылдын 14-майы № 36

 “Жергиликтүү демилгелерди колдоо максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”

Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында  Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги VII-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, VII-сессиясынын отурумунун №7-протоколунун чечиминин 2-пунктунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жергиликтүү демилгелерди колдоо максатында Кулунду айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен 100 000 (жүз миң) сом  акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл  өкмөтүнүн башчысы Э. Жороевге  тапшырылсын.
  3. Ушул токтом Кулунду айылдык кеңештин каттоосунан өтүп, Кулунду айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн https://kulundu.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.  

 

 

Төрага

А.А.Досов