Редакцияот 14.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги VII-сессиясынын отуруму

 

2025-жылдын 14-майы № 38

 “Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылынын түштүк тарабында жайгашкан кирпич заводдун 2,0 га жеринин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесинин жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Дехкановдун маалыматын, Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап, №7-протоколунун чечиминин 4-пунктунун негизинде 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Максат айылынын түштүк тарабында жайгашкан кирпич заводтун 2,0 га жеринин максаттык багытын ден-соолук жана спорттук комплекси багытына которууга макулдук берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына   милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага

А.А.Досов