Редакцияот 14.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги VII-сессиясынын отуруму

 

2025-жылдын 14-майы № 39

“№31-Кесиптик лицейи мекемесине жер бөлүп берүү  жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин, 68-беренесинин         4-пунктуна жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Маликовдун маалыматын, Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап, №7-протоколунун чечиминин                     5-пунктунун негизинде 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл аймагына караштуу №376 контурундагы 11,19 га жердин ичиден 7,5 га жер, №368 контурундагы 2,2 га жер “№31 Кесиптик лицейи” мекемесинин мөөнөтсүз пайдалануусундагы жер тилкелерин мамлекеттик жана коомдук муктаждык үчүн алып, ордуна Тажик Республикасы тараптан Кыргыз Республикасы тарапка өткөн 155,0 га жер тилкесинин ичинен 9,7 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.    Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына  милдеттендирилсин.

1.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

А.А.Досов