Редакцияот 14.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги VII-сессиясынын отуруму

 

2025-жылдын 14-майы № 42

 “Кулунду айыл аймагынын И. Раззаков айылынын батыш тарабына логистикалык борбор (склад, муздаткыч) куруу максатында 0,20 га жерин бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо), программасын бекитүү жөнүндө”                

              Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Дехкановдун маалыматын, Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап, №7-протоколунун чечиминин 8-пунктунун негизинде 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. И. Раззаков айылынын батыш тарабына логистикалык борбор (склад, муздаткыч) куруу максатында 0,20 га жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканыны, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин жана пргораммасы бекитилсин. 
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына   милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.А.Досов