КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги VII-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 14-майы № 43
“Кулунду-Коммуналдык” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө”
Кулунду-Коммуналдык муниципалдык ишканасынын башчысы, Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Д. Жусупалиевдин баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №7-протоколунун чечиминин 9-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Кулунду-Коммуналдык” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата кирешелер бөлүмү 3 577 000 (үч миллион беш жүз жетимиш жети миң) сом жана “Кулунду-Коммуналдык” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата жайыт төлөмдөрүн жыйноо боюнча кирешелер бөлүмү 1 240 560 (бир миллион эки жүз кырк миң беш жүз алтымыш) сом болуп бекитилсин.
- Таштанды таштоочу жайдан сырт жерлерге таштанды таштаган жарандарга 5000 (беш миң) сомдон 10000 (он миң) сомго чейин айып пул салынсын.
- Ушул токтомдун аткарылышы “Кулунду-Коммуналдык” муниципалдык ишканасынын башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |