Редакцияот 13.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги VII1-сессиясынын отуруму

 

2025-жылдын 13-июну № 46

“Кулунду айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин кээ бир беренелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”

Кулунду айылдык кеңешинин  Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А. Каландаровдун, Кулунду айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А. Гайназаровдун баяндамасын угуп, айылдык кеңештин кезектеги VIII-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап, талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин VIII-сессиясынын отурумунун №8-протоколунун чечиминин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун жана Кулунду айыл өкмөтүнүн №13-билдирүү тактамасынын негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бекитилген жергиликтүү бюджетинен №13 билдирүү тактамасына ылайык кээ бир чыгаша 3111 беренесинен 2221 беренесине жылдырып өзгөртүүгө макулдук берилсин.

-        Имараттар жана курулмалар 3111 – 500,0 (беш жүз миң) сом

-        Башка негизги каражаттар 3113 – 500,0 (беш жүз миң) сом

-        Курулмаларды учурдагы оңдоо 2221 – 1000000 (бир миллион) сом

  1. Ушул токтом Кулунду айылдык кеңештин каттоосунан өтүп, Кулунду айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн https://kulundu.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына  милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

А.А.Досов