Редакцияот 13.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги VII1-сессиясынын отуруму

 

2025-жылдын 13-июну № 49

 

“Кулунду айыл аймагынан жалпы аянты  11,19 га жерин Кулунду айыл аймагынын тургундарына 0,10 га (10 сотых) жерден бөлүп берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобосуна ылайык, Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезексиз 8-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап, №8-протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жайгашкан жарандарды башка жерге көчүрүү максатында калктуу конушка трансформация болуп жаткан №376 контурундагы 11,19 га жерди ар бир кожолукка 0,10 га (10 сотух) жерден бөлүп берүүгө макулдук берилсин;
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына   милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.А.Досов