КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги VII1-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 13-июну № 50
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесине ылайык Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезексиз 8-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №8-протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 3-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кулунду айыл аймагынын Май-Тоңбос участкасынын 0,15 га короо жай үйү менен жайгашкан жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу, ижарага берүүгө макулдук берилсин жана программасы бекитилип берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |