Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы № 1
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жөнүндө отчёту
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Берикбаев Бактыбек Султанбековичтин 2024-жылдын социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы боюнча отчётун айылдык кеңештин депутаттары угуп жана карап чыгып, сессия
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын ичинде социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүнүн аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылда аткарылган иштеринде айрым чечилбей калган маселелерин чечип 2025-жыл ичинде жетишүүсү боюнча иш алып баруу, жарандардан келип түшкон арыз даттанууларды өз убагында чечүү менен жогорку органдардан келип түшкөн иш кагаздарга өз убагында мыйзам чегинде аткарууга жетишилсин.
3.Айыл өкмөтүнүн түзүлгөн жылдык иш пландарынын жана атайын бекитилген Регламенттин негизинде аткарылган иштер боюнча айыл аймагында жайгашкан жашоочуларга атайын элдик жыйындарды өткөрүп маалымат берип туруу жагы милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши регламент,депутаттык этика,коомдук уюмдар дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |