Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы № 3
Кыргыз Республисынын Салык Кодексинин 379 жана 380 беренелерине өзгөртүүлөр киргизилгендиги боюнча Мамлекеттик Салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 17-январындагы №01-01-3/91 чыгыш каты жөнүндө
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Мурзакуловдун Кыргыз Республисынын Салык Кодексинин 379 жана 380 беренелерине өзгөртүүлөр кирип жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү салык мезгилиндеги пайдалануу үчүн турак жай имараттар жана жайлары үчүн 2025-2027-жылдар үчүн берилген ставкаларды бекитип берүү боюнча сунушун карап чыгып, Ала-Тоо айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Салык Кодексинин айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, 2025-жылдын 12-февралындагы №37 “Кыргыз Республикасынын салык алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы жетекчиликке алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизинде турак жай мүлк салыгын эсептөө жүргүзүү 25,16 сом болуп бекитилсин.
3.Короо жанындагы жана бакчалар жер участокторун пайдалануу үчүн жер (тамарка) салыгы 1 сотых үчүн-15 сомго,таштандыларды чыгаруу жыйымы айыл аймактын жашоочуларынын жан башына-15 сомго макулдук берилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышы Ала-Тоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика,муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясына жүктөлсүн
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |