Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы № 4
Ала-Тоо айылдык кеңешинин депутаттарынын Этика кодексинин
жалпы жобосу жөнүндө
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Т.Топчубаева айылдык кеңештин депутаттарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/328 буйругундагы тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарынын типтүү Этика кодексинин жалпы жобосу менен тааныштырды.Депутаттар карап талкуулап чыгып айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарынын типтүү Этика кодексинин жалпы жобосу аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2.Ушул Типтүү Этика кодексинин жалпы жобосунун негизинде депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүктүн жана жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы болгондуктан ар бир депутатка үлгү болуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши регламент,депутаттык этика,коомдук уюмдар дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |