Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы № 5
Ала-Тоо айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин мамлекеттин фондунун жерлерин ижарага аукцион,конкурс өткөрүү боюнча комиссиясын түзүү боюнча сунушун карап чыгып жана талкуулап чыгып,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган Типтүү жобонун негизинде комиссия курамын түзүп берүү сунушун айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Мамлекеттин фондунун жерлерине аукцион, конкурс өткөрүү боюнча комиссиясынын курамын төмөндөгү депутаттар жана айыл өкмөтүнүн адистери шайланышсын.
-Машрапов С.- комиссиянын төрагасы,айылдык кеңештин депутаты,
-Берикбаев Б.- комиссиянын төрагасынын орун басары,айыл өкмөтүнүн башчысы,
-Камалов И. – комиссиянын мүчөсү ,айылдык кеңештин депутаты,
-Анарбаев Ш.- комиссиянын мүчөсү ,айылдык кеңештин депутаты,
-Жаладинова Ш.- комиссиянын мүчөсү ,айылдык кеңештин депутаты,
-Сатыбалдиев Р.- комиссиянын мүчөсү ,айылдык кеңештин депутаты,
-Искендерова Ж.- комиссиянын мүчөсү ,айылдык кеңештин депутаты,
-Зарипбек уулу Б.- комиссиянын мүчөсү ,айылдык кеңештин депутаты,
-Маманазарова К.- комиссиянын мүчөсү ,айылдык кеңештин депутаты,
-Динбаев А. - комиссиянын мүчөсү ,айыл өкмөтүнүн башкы адиси,
-Кармышак уулу Т.-комиссиянын мүчөсү,айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы,
-Рахматов Р. - комисиянын мүчөсү,айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы,
-Мурзакулов А.- комиссиянын мүчөсү ,айыл өкмөтүнүн башкы адиси,
-ар бир айылдын айыл башчылары- комиссиянын мүчөлөрү.
2.Комиссия мүчөлөрүнө мамлекеттин фондунун жерлерин ижарага берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун талаптарына ылайык иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба, суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |