Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы № 7
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №177 токтомунун негизинде айыл аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин ажыратып берүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун талаптарына ылайык жеке турак жай куруу үчүн тапшырылган документтерди кароо боюнча комиссия курамын бекитип берүүнү сунуштады. Депутаттар карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген Жобонун негизинде сессия
Токтом кылат:
1. Ала-Тоо айыл аймагындагы жарандардын жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алуу боюнча жазган арыздарын,документтерин карап чыгуу үчүн комиссиясынын курамына төмөндөгү депутаттар жана айыл өкмөтүнүн адистери шайланышсын.
- Казаков Р..- комиссиянын төрагасы,айылдык кеңештин депутаты,
-Берикбаев Б.- комиссиянын төрагасынын орун басары,айыл өкмөтүнүн башчысы,
-Маткаримова Р.- комиссиянын мүчөсү ,айылдык кеңештин депутаты,
-Тойчубеков Т.- комиссиянын мүчөсү ,айылдык кеңештин депутаты,
-Ахмаджанов С.- комиссиянын мүчөсү ,айылдык кеңештин депутаты,
-Жалалдинов А.- комиссиянын мүчөсү ,айылдык кеңештин депутаты,
-Тумөнов М.- комиссиянын мүчөсү ,айылдык кеңештин депутаты,
-Исиров С.- комиссиянын мүчөсү ,айылдык кеңештин депутаты,
-Хакимова М.- комиссиянын мүчөсү ,айылдык кеңештин депутаты,
-Динбаев А. - комиссиянын мүчөсү ,айыл өкмөтүнүн башкы адиси,
-Кармышак уулу Т.-комиссиянын мүчөсү,айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы,
-Рахматов Р. - комисиянын мүчөсү,айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы,
-Мурзакулов А.- комиссиянын мүчөсү ,айыл өкмөтүнүн башкы адиси,
-Орозбаева К. - комиссиянын мүчөсү ,айыл өкмөтүнүн башкы адиси,
-ар бир айылдын айыл башчылары- комиссиянын мүчөлөрү.
2.Комиссия мүчөлөрүнө айыл аймагындагы жарандардын жеке турак жай салуу боюнча түшкөн арыздарды мыйзам чегинде карап тыкыр иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо,архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба, суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |