Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы № 8
Ала-Тоо айыл аймагынын аксакалдар кеңешинин төрагасынын
арызы жөнүндө
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Т.Топчубаева аксакалдар кеңешинин төрагасынын арызы менен тааныштырып, айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар кеңешинин кабинетине оңдоп түзөө иштерине жана эмеректерди сатып алууга акча каражат бөлүп берүүнү сунуштады.Депутаттар карап чыгып,сессия
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар кеңешинин кабинетине оңдоп түзөө иштерине жана эмеректерди сатып алуу үчүн 50 (элүү миң) сом акча каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Акча каражат маселесин берүү үчүн акча каражат булактарын издеп мыйзам чегинде берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика,муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясына жүктөлсүн
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |