Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы № 9
Айыл аймагынын Ак-Таш айылындагы “Улуу мурас” балдар бакчасынын башчысы З.Турсунбаеванын сураныч каты жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Т.Топчубаеванын аймактагы Ак-Таш айылынын тургуну ”Улуу мурас” балдар бакчасынын башчысы Зулфия Турсунбаеванын өзүнүн жеке менчик 0,06 га жер участкасына эки этаж бардык шарттары менен курулганын бирок ал жерде балдар ойноочу аянтча жана башка бак дарак эгип көрктөндүрүүгө айланасы тарлыгынан ошол балдар бакчасынын жанында мамлекеттик фонддун жери жайгашкандыктан 0,15 сотых жерди бөлүп берүүнү суранган арызы менен тааныштырды.Депутаттар карап чыгышып ал жерди мыйзам чегинде трансформациялоого макулдуктарын беришти.Айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Ак-Таш айылында жайгашкан “ Улуу мурас” балдар бакчасынын айланасында жайгашкан мамлекеттик фондунун жеринен 0,15 (он беш)сотых жерди балдар бакчасы үчүн ажыратып мыйзам чегинде трансформациялоого макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба, суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |