Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы № 10
Ала-Тоо айыл аймагындагы Кашкар-Кыштак айылынын жаштарынын спортсмендеринин арызы жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Т.Топчубаеванын айыл аймагындагы Кашкар-Кыштак айылынын жаштары жана спортсмендери айыл жаштарынын келечеги үчүн өсүп өнүгүү жаштардын ден соолугунун чыңдоо дүйнө деңгээлинде алдыңкы спортсмендерди аларды машыктырып өстүрүп чыгаруу максатында айылга заманбап спорт комплекс куруу үчүн 2,0 (эки) гектар жер аянтын ажыратып берүү боюнча жазышкан арыздарын көрүп чыгышып,сессия
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагындагы Кашкар-Кыштак айылына айылдын жаштарынын келечеги үчүн аларды машыктырып өстүрүү,ден соолуктарын чыңдоо үчүн заманбап спорткомплекс курууга 2,0 (эки) гектар жерди мыйзам чегинде ажыратып трансформациялоого макулдук берилсин.
2.Кашкар-Кыштак айылына жаштардын келечеги үчүн спорт комплекс курууга атайын жер аянтын ажыратып,тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |