Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы № 11
Ала-Тоо айыл аймагындагы айылдардан борбордук көчөлөргө заманбап аялдамаларды куруу жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Т.Топчубаеванын айыл өкмөтүнүн башчысы Берикбаев Бактыбек Султанбековичтин аймактагы айылдарынын жарандарын (жүргүнчүлөрдү) ташыган микроавтобустар токтоочу аялдамалар жоктугунан жеңил унаалар көбөйүп тыгындар пайда болуп жаткандыктан айыл аймагындагы борбордук көчөлөрүнө ыңгайлуу жерлерине заманбап 12 (он эки) аялдама курууга жана Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан борбордук базарлардын айланасына коомдук жерлерге, тамеки тартуучу жерлерге атайын белгилерди коюуга макулдук берүү сунушун карап чыгышып,сессия
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагында жайгашкан айылдардын борборлоруна жүргүнчүлөрдү тейлеген микроавтобустардын каттамы үчүн аларга тыгындарды пайда кылдырбай ыңгайлуу болгон жерлерине заманбап 12 (он эки) аялдама курууга макулдук берилсин.
2.Аймактагы айылдарга заманбап аялдаманы мыйзам чегинде курдуруп аларды өз көзөмөлүнө алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Коомдук жерлерге атайын тамеки тартуучу белги койдурулсун.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, соода, базар, энергетика комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |