Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы № 12
Ала-Тоо айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Кармышак уулу Талантбектин Ала-Тоо айыл өкмөтүндө документтер менен иштөөнүн Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага жүктөлгөн милдеттерди жана иш милдеттерди ишке ашыруу боюнча айыл өкмөтүнүн иштерин уюштуруунун тартибин аныктаарын айтып Регламент негизинен тогуз бөлүмдөн турары боюнча окуп берди. Депутаттар Регламентти кеңири талкуулап чыгып,кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин Регламенти бардык бөлүмдөрү боюнча бекитилсин.
2.Бекитилген Регламентинин жалпы Жоболорунун анын ишинин жалпы принциптеринин негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши регламент,депутаттык этика,коомдук уюмдар дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |
Айыл өкмөтүнүн типтүү Регламенти
I Бөлүм. Жалпы жоболор
II Бөлүм. Тикелей катышуу жана отчеттуулук формалары
III Бөлүм. Пландоо
IV Бөлүм. Муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн тартиби
V Бөлүм. Айыл өкмөтүнүн чечими жана иш кагаздарын жүргүзүү
VI Бөлүм. Айыл өкмөтүнүн комиссиялары, кеңешмелер жана текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби
VII Бөлүм. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө
VIII Бөлүм. Маалыматтка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу
IX Бөлүм. Муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчиликтери
X Бөлүм. Жумуш убактысын уюштуруу
I Бөлүм. Жалпы жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1.1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн Регламенти (мындан ары - Регламент) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага жүктөлгөн милдеттерди жана иш-милдеттерди ишке ашыруу боюнча айыл өкмөтүнүн иштерин уюштуруунун тартибин аныктайт.
1.2.Регламент “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,“Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Маалымат алуу укугу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасына Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 38 токтому менен бекитилген Ала-Тоо айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык даярдалган.
1.3.Ушул Регламент айыл өкмөтүнүн иштерин пландоого жана уюштурууга карата бирдиктүү талаптарды жөндөөчү негизги принциптерди жана эрежелерди, айыл өкмөтүнүн документтер менен иштөө тартибин карайт, жарандардын кайрылууларын кароонун, айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун тартибин жана айыл өкмөтүнүн ишине тийиштүү жана башка маселелерди жөндөйт.
1.4.Айыл өкмөтүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү айыл өкмөтүнүн аппаратынын, анын түзүмдөрүнүн, иштери, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын иштеринин натыйжалары менен, ошондой эле айыл өкмөтүнүн айылдык кеңеш, тийиштүү мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүсү аркылуу, жергиликтүү жамааттарды жана алардын бирикмелеринин жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түздөн-түз тартылуулары жана катышуулары аркылуу камсыз кылынат.
2-глава. Айыл өкмөтүнүн ишинин жалпы принциптери
Айыл өкмөтүнүн иши төмөнкү принциптерге негизделет:
1) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
2)жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо;
3)муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгү, компетенттүүлүгү жана демилгелүүлүгү;
4)өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашыруу жана өзүнүн ишинин натыйжалары үчүн жерлигиктүү жамаат алдында жоопкерчилиги;
5)ачык-айкындык жана коомдук пикирди жеке алуу;
6)кызматкерлердин тартип жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн жекече жоопкерчилиги;
7)жетекчи алмашканда кадрлардын ишин улануусун сактоо.
8)ачык-айкындуулук, коомчулуктун катышуусу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамаатка отчеттуулугу;
9)коомдун турмуш тиричилигинин бардык чөйрөлөрүндө аялдар менен эркектердин тең абалы.
3-глава. Айыл өкмөтүнүн жергиликтуу мамлекеттик администрация менен өз ара аракеттенүүсү
3.1.Айыл өкмөтү жергиликтүү мамлекеттик администрация менен жергиликтүү маанидеги маселелерди башкарууга катышууга жарандардын конституциялык укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү аркылуу тиешелүү аймакта өз ара аракетте жүзөгө ашырат.
3.2.Айыл өкмөтүнүн башчысы кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен аким тарабынан дайындалат.
3.3.Айыл өкмөтү аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун иштеп жаткан программаларынын жолун жолдоочулугун камсыз кылат же кызматка киришкен учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана айылдык кеңешке бекитүүгө берет;
3.4.Айыл өкмөтү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын коллегиялык отурумдарына, аппараттык кеңешмелерге катышат. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн акимдин алдында жеке жооп берет.
4-глава. Айыл өкмөтүнүн штаттык саны
4.1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомуна ылайык
Түзүмү Айыл өкмөтү
Штаттык саны: 13 киши.
Эскертүү: Ошол убакыттагы ченемдик укуктук актыга ылайык өзгөртүү керек.
4.2.Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн алдында турган милдеттерди толук кандуу жана натыйжалуу аткаруу үчүн, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана артыкчылыктуулуктарына жараша, ошондой эле белгиленген тартипте өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча айыл өкмөтүнүн милдеттенмелерин эске алуу менен, айыл өкмөтүнүн кызмат орундарынын арасында кызмат орундук милдеттерди бөлүштүрөт.
4.3.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарынын негизинде айыл өкмөтүнүн штаттык ырааттамасында каралган ар бир административдик кызмат ордуна түзүмдүк бөлүм башчылары же орун басары - жооптуу катчысы квалификациялык талаптарды иштеп чыгып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу менен айыл өкмотүнүн башчысы бекитет.
Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу менен айылдык аймактын айыл өкмөтүнүн функцияларын же болбосо кызмат ордунун функциялык милдеттерин өзгөртүүнүн негизинде жүргүзүлөт.
4.4.Айыл өкмөтүнүн башчысы муниципалдык кызматчылардын квалификациялык талаптарын, кызматчынын жеке сапаттарын, кызматчынын кызматтык милдеттерин жана ченемдик укуктук актыларына ылайык башка кызматтык нускамаларын бекитет.
4.5 Муниципалдык кызматчылардын эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө ”2022-жылдын 1-августундагы № 266 Жарлыгына ылайык аныкталат.
4.6. Айыл өкмөтү кызматчылардын карьералык өсүшүнө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгат.
4.7.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын карьералык пландоосу жөнүндө типтүү жобонун” бекитуу тууралуу Жарлыгы менен карьералык пландоону уюштуруу муниципалдык кызматтын кадрлар резервинин иштеши, конкурстук тандоону, балоо, ротациялоо системасын жүргүзүү жол-жоболорун сактоо, кызматчынын квалификациясын жогорулатуу, кызматчынын материалдык жана материалдык эмес мотивациялоо менен камсыз кылынат.
4.8.Айыл өкмөттөрүндө насаатчылык башчынын орун басар-жооптуу катчынын демилгеси боюнча белгиленет.
4.9.Насаатчылык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык К-A, К-Б категорияларынын административдик кызмат орундарынын кенже топторуна биринчи жолу киргендерге, анын ичинде кызмат орунда, же болбосо кызматтык милдеттерин өзгөртүү менен мамлекеттик жана же муниципалдык кызмат ордуна тете кызмат орунда жогорулатуу тартибинде, ошондой эле жок кызматкерди убактылуу алмаштырган адамдарга карата белгиленет.
5-глава. Муниципалдык кызматтын кадрлар резерви, кадрларды дайындоо
5.1.Айыл өкмөтү муниципалдык кызматтын кадрлар резервин өз алдынча тузөт, ал муниципалдык кадрлардын резервине киргизүү үчүн өткөрүлгөн ачык конкурстун жыйынтыгы боюнча административдик кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин тобунан турат.
5.2.Кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурсту өткөрүү тартиби жөнүндө жобо менен аныкталат.
5.3.Муниципалдык кызматка кирүү бош кызмат ордуна талапкерди кадрлар резервинен дайындоо жолу менен жузөгө ашырылат.
5.4.Ротация тартибинде бош кызмат ордун ээлөөгө жол берилет.
5.5.Айыл өкмөт башчысы муниципалдык кызматчынын кадрлар резервинде турган адамды ченемдик укуктук актыларга белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык ротация тартибинде бош кызмат ордуна дайындоого укуктуу.
5.6.Ротациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №61 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобо менен аныкталат.
5.7.Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо жарым жылдык баалоону эске алуу менен кызматчынын ишинин натыйжалары боюнча жыл сайын жүргүзүлөт. Баалоо жүргүзүүнүн тартиби Президент тарабынан аныкталат.
5.8.Кызматка биринчи жолу кирген кызматчынын кесиптик сапаттарын текшерүү үчүн айыл өкмөт башчысы ээлеген кызмат орду боюнча эмгек акы төлөө менен, аны кызмат ордуна милдеттүү тартипте 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындайт. Сыноо мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгили жана кызматчы жөнүндө себептер боюнча жумушта болбогон башка мезгил киргизилбейт.
5.9.Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин айыл өкмөт башчысы кызматчы менен маектешүү өткөрөт, анын негизинде кызматчынын ээлеген кызмат ордуна шайкештиги жөнүндө чечим кабыл алынат. Эгер маектешүүнүн жыйынтыгы канааттандырарлык эмес деп таанылса, анда кызматчы ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
5.10.Кызматчыньн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эмгектик жана кызматтык мамилелерине тиешелүү бардык маалыматтар, материалдар жана документтер кызматчынын өздүк ишинде камтылат.
5.11.Айыл өкмөтүндө муниципалдык кызматчынын өздүк ишин кадр маселелери боюнча милдет жүктөлгөн адис (кызматкер) кызматкер жүргүзөт.
5.12.Кызматчы башка мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жумушка которулганда, анын өздүк иши көрсөтүлгөн жаңы жумуш орду боюнча берилет. Бир кызматчыга бир нече өздүк ищ жүргүзүүгө жол берилбейт.
5.13.Өздук иштер “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 316 токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
5.14.Кызматчынын муниципалдык кызматта туруусунун чектүү курагы 65 жашты түзөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын демилгеси боюнча кызматчы чектүү куракка жеткенде ээлеген кызматынан бошотулушу ыктымал же болбосо анын кызмат мөөнөтү узартылышы мумкун.
6-глава. Контракттык негизде дайындалган кызматкерлер
6.1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомуна ылайык, айыл аймагынын максатка ылайыктуулугуна, керектөөлөрүнө, максаттарына, спецификасына жана калкынын санына жараша айыл өкмөтү штаттын жалпы санынан тышкары, контракттык негизде кошумча штаттык бирдиктерди ала алат. Мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу, ички чарбалык ирригациялык системаларды эксплуатациялоо, сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдаланган адамдарга келишимдик шарттарда сууну бөлүштүрүү, жалпы аскердик милдеттер жөнүндө талаптарды аткарууну камсыз кылуу боюнча функцияларды бөлүштүрүү жана башка максаттар үчүн жалпы штаттык санынан тышкары кошумча контракттык негизинде кабыл алынышы мүмкүн: калктын саны 10 миңге чейин адам - 4 кызматкерге чейин, калктын саны 25 миңге чейин адам - 6 кызматкерге чейин, 25 миңден жогору адам - 8 кызматкерге чейин.
6.2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттарын Кыргыз, Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” № 381 токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
6.3.Контракттык негизде дайындалган кызматкерлер жана айыл башчысы муниципалдык кызматчы болуп эсептелинбейт.
6.4.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин З-бөлүгүнө ылайык, эмгек келишиминин (контракттын) негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жумушка алынган кызматкер жергиликтүү кеңештин депутаты боло албайт.
Айыл башчысы
6.5.Жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү уюштуруу жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында айыл өкмөттөрүндө эмгек келишиминин негизинде иштеген айыл башчысынын кызмат орду айыл аймагынын административдик борборунан обочо жайгашкан айылдарда/айыл аймактарында киргизилиши мүмкүн.
6.6.Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 17, 18-беренелерине ылайык түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде айыл башчысы белгиленген мөөнөткө (5 жылдан ашпаган) жалданат,
6.7.Айыл башчысынын кызмат ордуна жалданган адам Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана эмгек келишиминин шарттарына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бошотулат.
6.8.Айыл башчысына эмгек акы төлөө шарттарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 381 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
7-глава. Өргүү берүүнүн жана кызмат ордунда убактылуу болбогон кызматчыны алмаштыруунун тартиби
7.1.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, кызматчыларга мыйзамдарда белгиленген тартипте жыл сайын ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул төлөө менен 30 календардык күнгө созулган акы төлөнүүчү өргүү берилет. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 5, 10, 15 жана 20 жылдан ашык иш стажы болгондо ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө узартылат. Келишим боюнча жалданган кызматкерлерге Эмгек кодексине ылайык өргүү берилет.