Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы № 13
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзунун 2025-жыл бюджетине бир жылда бир жолу төлөнүүчү мүчөлүк акы төлөө боюнча 2025-жылдын 08-январындагы №2 чыгыш каты жөнүндө
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Т.Топчубаева Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзунун Союздук каржы булагы болгон бир жылда бир жолу төлөнүүчү мүчөлүк акылар үчүн каражатты 2025-жылдын бюджетинде “26211300 Союзуна ассоциацияларына мүчөлүк акы” беренеси боюнча карап көрүү өтүнүчүн депутаттарга тааныштырды.Айылдык кеңештин депутаттары карап чыгып,сессия
Токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзунун Союздук каржы булагы болгон бир жылда бир жолу төлөнүүчү мүчөлүк акылар үчүн акча каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Аймактагы айылдарда жашаган жалпы жашоочулардын так санын чыгарып элдин санына жараша мыйзам чегинде акча каражат бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясына жүктөлсүн
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |