Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы № 14
Ала-Тоо айыл аймагындагы көп жылдык бак дарактар категориясындагы жерлерге аукцион өткөрүү боюнча алгачкы бааны бекитип берүү жөнүндө
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин айыл аймагындагы жылкелди,Ак-Таш,Беш үй,Жарооз айылдарындагы жайгашкан көп жылдык бак дарак категориясындагы жерлерди аукцион аркылуу ижарага берүү боюнча мурунку баасы 1 гектарга 4500 (төрт миң беш жүз) сом, Жарооз айылында 1 (бир) га жер 5000 (беш миң) сомдон болгон.Жаңыдан өткөрүлө турган аукционго жаңыдан тарифин 10000 (он миң) сомдон белгилеп берүү сунушун депутаттар карап чыгып,сессия
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагындагы көп жылдык бак дарактар категориясындагы жерлерге аукцион өткөрүүдө алгачкы баасы бир гектарына 10 000(он миң) сом,кадамы 10%,1000(миң) сомдон гарантиянын төлөмү 2000(эки миң) сомдон кирүү баасы 200 (эки жүз) сомдон болуп белгиленсин.
2.Аукционду атайын түзүлгөн комиссиянын негизинде мыйзам чегинде өз убагында аткаруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо,архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба,суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |