Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы № 15
Ала-Тоо айыл аймагынын Бекжар айылындагы эски мүрзөнүн толгондугуна байланыштуу башка жерден жер ажыратып берүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин Бекжар айылындагы жайгашкан эски мүрзөнүн толгондугуна байланыштуу мурдагы Ак-Таш айыл өкмөтү менен Манас айыл аймагындагы Лангар айылы менен чектешкен жерден жаңы мүрзө үчүн 2,0 (эки)га аянтын трансформациялоого макулдук берүү боюнча сунушун жана Бекжар айылынын жашоочуларынын бул маселе боюнча жазган арыздарын карап чыгып,айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Бекжар айылынын жашоочуларына Ак-Таш айыл өкмөтү менен Манас айыл аймагындагы Лангар айылы менен чектешкен жерден жаңы мүрзө үчүн 2,0 (эки)га аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.
2.Бекжар айылынын жашоочуларына жаңыдан бериле турган мүрзө үчүн иш кагаздарын мыйзам чегинде тиешелүү жерлерге даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо,архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба,суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |