Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы № 16
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн “Ала-Тоо таза суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 20-январындагы №6 чыгыш каты жөнүндө
“Ала-Тоо таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Абдиев Элдиярдын айыл аймагы боюнча таза ичүүчү сууга болгон төлөмдөрдүн тарифин бекитип берүү боюнча сунш катын айылдык кеңештин депутаттары кеңири карап чыгып, сессия
Токтом кылат:
1.“Ала-Тоо таза суу” муниципалдык ишканасынын сууга болгон төлөмдөрдүн тарифин аймактагы таза суу менен камсыз болгон айылдардагы ар бир кожолуктан бир айына 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө 6 айлык мөөнөт менен төлөм алууга макулдук берилсин.
2.Аймакта Суу эсептегич менен 1-кожолук 1м.3 сууга 15 (он беш) сомдон калтырылсын.
3.Аймактагы таза суу менен камсыз болгон айылдардын жашоочуларынын кожолук санын тактап,алар менен келишим түзүү жагы муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
4.Кара-Суу райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган жалгыз бой пенсионерлер жана айыл аймагындагы жалгыз бой энелер алардын балдары он сегиз жашка толбогон балдары барларга кожолук башчы болуп эсептелсе мыйзам чегинде жеңилдиктер берилсин.
5.Муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштеринин мыйзамдуулугун көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика,муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |