Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы № 18
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн алдындагы “Ала-Тоо Жайыт” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Депутаттарга айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Т.Топчубаева “Ала-Тоо Жайыт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Тажибаев Мухамедсыдыктын Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн алдындагы “Ала-Тоо Жайыт” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитип берүү сунушу менен тааныштырып, депутаттардан макулдук берүүнү сунуштады. Депутаттар карап чыгып айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн алдындагы “Ала-Тоо Жайыт” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Бекитилген Уставдын негизинде иш алып баруу жагы “Ала-Тоо Жайыт” муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба, суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |