Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 4-февралы № 19
Ала-Тоо айыл аймагындагы балдар бакчаларынын ата-энелер тарабынан жыйналуучу мүчөлүк акыларды белгилеп берүү жөнүндөгү протоколдорун бекитүү жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Юсупбекова Гүлзада Шавкатбековнанын Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдарды ыссык тамак менен камсыз кылуу боюнча ата-энелерден түшкөн арыздар менен тааныштырып, Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан балдар бакчаларындагы ата-энелер тарабынан чогулуштар өтүп ар бир ата-энеден 1300 (бир миң үч жүз) сомдон акча каражат төлөмдөрүн,аймактагы башка балдар бакчаларында чогулуштар өтүп 1500 (бир миң беш жүз) сомдон жыйноо боюнча протоколдорун карап кеңири талкуулап чыгып, сессия
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине караштуу балдар бакчаларында ыссык тамак менен камсыз кылуу максатында ата-энелерден жыйналуучу мүчөлүк акыларды ар бир балага 1300 (бир миң үч жүз) сомдон төлөө боюнча ата-энелер чогулушунун протоколдору бекитилсин.
2.Ата-энелерден чогулган акча каражатты өз убагында кабыл алып,тендерди мыйзам чегинде жарыялап өткөрүп туруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Аймактагы балдар бакчаларында балдарды өз убагында сапаттуу ыссык тамак менен камсыз кылууну көзөмөлдөө тарбиялык иштеринин абалын текшерип аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берүү жагы ата-энелер комитети менен биргеликте атайын түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо,миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |