Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 8
Салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 380-беренеге ылайык, турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын ставкасы 2025-2027-жылдарга бекитүү боюнча мамлекеттик салык кызматынын Манас району боюнча башкармалыгынын начальниги Н.Доулбековдун сунушун талкуулап, Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагы боюнча 2025-2027-жылдарга салыктын орточо ставкасы 1кв.метрге 4,2сом болуп бекитилсин.
2. Тиешелүү токтом менен иш алып баруу жагы Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |