Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 9
Жер категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө
Семетей айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-январындагы №01-11/57 номерлүү кайрылуусунда көрсөтүлгөн, Семетей айыл аймагына караштуу Жайылган айылындагы №306 контурундагы 0,50га жер аянтын насос станциясын куруу үчүн трансформациялоого уруксат берүү тууралуу кайрылуусун карап, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин “Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү кеңештердин компетенциясы” 3-пунктуна ылайык, Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагына караштуу Жайылган айылындагы №306 контурундагы 0,50га жер аянтын, насос станциясын куруу үчүн жайыт категориясынан суу фондунун жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы жер аянтына тиешелүү мамлекеттик акты жасалып, аймактын жарандарын сугат суу менен камсыз кылуу жагына пайдаланылсын. Айылдык кеңешинин өкүлчүлүктүү органынын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын жана ушул иштөө регламентин жетекчиликке алуу жагы жергиликтүү кеңештин депутаттарына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |