Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 10
Тарыхый маданий мурастардын тизмесине киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 5-декабрындагы №12 сандуу протоколдук тапшырмасын жана Ч.Акчалов атындагы толук эмес орто мектебинин директору С.Абдыкадырованын 2024-жылдын 24-декабрындагы №138 сандуу кайрылуусун Семетей айылдык кеңеши угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө Мыйзамынын 27-берененин 13-пунктунун негизинде, Семетей айыл аймагына караштуу “Акчалов Чынгыз атындагы толук эмес орто мектеби” мекемесин тарыхый көрүнүшүн сактап калуу максатында тарыхый маданий мурастардын тизмесине киргизүү кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Улуу жазуучу Ч.Айтматов окуган орто мектепти тарыхый маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн талапка ылайык тиешелүү мекемелер менен биргеликте иш жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |