Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 12
«Жер категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө»
Семетей айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-январындагы №01-11/57 сандуу кайрылуусунда көрсөтүлгөн, Семетей айыл аймагына караштуу №354-контурдагы 300,кв.м жана №446 контурдагы 300,0кв.м жер аянтын “Беккари” чуңкурчасын куруу үчүн трансформациялоого уруксат берүү тууралуу кайрылуусун карап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин ”Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү кеңештердин компетенциясы” 3-пунктуна ылайык Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагына караштуу №354-контурдагы 300,0кв.м жана №446 контурдагы 300,0кв.м жер аянтын “Беккари” чуңкурчасын куруу үчүн трансформациялоого жайыт категориясынан башка жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы жер аянтына тиешелүү мамлекеттик акты жасалып,максаттуу пайдаланылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |