Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 13
Э.Маталиевдин кайрылуусу жөнүндө
Семетей айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-январындагы №01-11/57 сандуу кайрылуусунда көрсөтүлгөн,Семетей айыл аймагына караштуу Семетей айылынын түштүк тарабындагы №350 контурунан 2,0га жер аянтына бетон завод орнотуп иш алып баруу боюнча уруксат берүү тууралуу Маталиев Эрмектин кайрылуусун карап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин ”Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү кеңештердин компетенциясы” 3-пунктуна ылайык Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагына караштуу Семетей айылынын түштүк тарабындагы №350 контурунан 2,0га жер аянтына бетон завод орнотуп иш алып барууга Маталиев Эрмектин ижарага берүү үчүн жогорудагы жер аянтын жайыт категориясынан өнөр жайынын жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы жер аянтына тиешелүү мамлекеттик акты жасалып, максаттуу багыты менен пайдалануу жагы контролго алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |