Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 14
Г.Итибаевдин кайрылуусу жөнүндө
Семетей айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-январындагы №01-11/57 сандуу кайрылуусунда көрсөтүлгөн,Семетей айыл аймагына караштуу Семетей айылы менен Жийде айылынын ортосунан Тараз-Семетей-Кайынды жолунун 11,3км түштүк тарабынан 2,0га жер аянтына бетон завод орнотуп иш алып баруу боюнча уруксат берүү тууралуу Г.Итибаевдин кайрылуусун карап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин ”Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү кеңештердин компетенциясы” 3-пунктуна ылайык Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагына караштуу Тараз-Семетей-Кайынды жолунун 11,3км түштүк тарабынан 2,0га жер аянтына бетон завод орнотуп иш алып баруу үчүн Г.Итибаевге ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Жогорудагы жер аянтына тиешелүү мамлекеттик акты жасалып, максаттуу багыты менен пайдалануу жагы контролго алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |