Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 15
Кариерге жер берүү жөнүндө
Семетей айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-январындагы №01-11/57 сандуу кайрылуусунда көрсөтүлгөн,Семетей айыл аймагына караштуу Кырк-Казык кыштоо сарайларын аралап өткөн селдин суусу өтүүчү каналды тазалоо иштеринин алкагында кариер катары колдонуу тууралуу кайрылуусун карап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин ”Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү кеңештердин компетенциясы” 3-пунктуна ылайык Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагына караштуу Кырк-Казык кыштоо сарайларын аралап өткөн селдин суусу өтүүчү каналды тазалоо иштеринин алкагында кариер катары колдонууга экологиянын корутундусу менен уруксат берилсин.
2. Жогорудагы жер аянтына тиешелүү мамлекеттик акты жасалып,аймактын жарандарын сугат суу менен камсыз кылуу жагына пайдаланылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |