Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 16
«Таза суунун жери жөнүндө»
Семетей айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-январындагы №01-11/56 сандуу кайрылуусунда көрсөтүлгөн,Семетей айыл аймагына караштуу Семетей айылынын жарандарын таза суу менен камсыз кылуу максатында “Таза-Суу” программасын ишке ашыруу үчүн убагында катталбай калган суу резервурлары менен 2,0га жер аянтын муниципиалдык менчике алуу (жайгашкан жери токой фондунун аймагында калып калган) тууралуу кайрылуусун карап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин” Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү кеңештердин компетенциясы” 3-пунктуна ылайык Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагына караштуу Семетей айылынын жарандарын таза суу менен камсыз кылуу максатында “Таза-Суу” программасын ишке ашыруу үчүн убагында катталбай калган суу резервурлары менен 2,0га жер аянтын муниципиалдык менчике алынсын.
2. Жогорудагы жер аянтына тиешелүү мамлекеттик акты жасалып, аймактын жарандарын таза суу менен камсыз кылуу жагына пайдаланылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |